№13 Европа Кошунунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн иштериндеги убактылуу ишеним берилген өкүлү Яап Ораны Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Европа Кошунунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жана жекече Европа Кошунунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн иштериндеги убактылуу ишеним берилген өкүлү Яап Оранын шайлоо системасын реформалоого кошкон орчундуу салымына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жана 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн        5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Европа Кошунунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн иштериндеги убактылуу ишеним берилген өкүлү Яап Ора Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлансын.
2.   Бул чечим Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 27-июну
№ 13