Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 18.03.2020 №6 Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону даярдоо жана …

18.03.2020 №6 Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар жөнүндө

 

         Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) таралышы боюнча дүйнө жүзүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө вирустун таралышын болтурбоого жана жарандардын санитардык-эпидемиялык коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. Шайлоо комиссиялары аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын башпааналарында шайлоо иш чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө, ошондой эле идентификациялоодо жана добуш берүүдө шайлоочуларга коргоо жана дезинфекциялоо каражаттарын (операторлору үчүн санитайзерлерди, бактерияларга каршы салфеткаларды, латекстик кол каптарды ж.б) берсин жана аларды өздөрү да колдонсун, дезинфекциялоочу каражаттар менен жабдуулардын туруктуу тазаланып турушун камсыздасын.
  2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге, талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн  саясий партияларга төмөндөгүлөр сунушталсын:

  - шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө массалык иш чаралар, шайлоочулар менен жолугушуулар формасында үгүттөөлөрдүн  жүрүшүн төмөндөтүү, ал эми андай чараларды өткөрүүдө катышуучулардын санын чектөө;

 - башпааналарда зарыл санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү жана жолугушуулардын катышуучуларын дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо;

    - үгүт жүргүзүү формаларын тандоодо маалымдоо жана үгүт жүргүзүүнүн контактысыз формалары – басма сөз, аудио-көрмөлөр аркылуу үгүт жүргүзүү артыкчылыктарын көрсөтүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелеринин маселелери боюнча жумушчу тобу, аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бекер эфир убактысын жана басма аянтчаларын берүү маселесин 3 жумушчу күндө иштеп чыксын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:

   - шайлоого катышкан талапкерлер жана партиялар жөнүндө жарандарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын электрондук форматтары жана сервистери аркылуу маалымдоо мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү маселесин 2 күндүк мөөнөттө иштеп чыксын;

  - аппарат жана төмөн турган комиссиялар үчүн жабдууларды жана башпааналарды дезинфекциялоочу жана антисептикалык тазалоочу зарыл каражаттарды жетиштүү көлөмдө сатып алуу үчүн шарттарды камсыз кылсын.

  1. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-марты

№ 6