№ 47 Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоолорундагы жана референдумундагы эл аралык байкоочунун күбөлүктөрү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорундагы жана референдумдагы эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу  жана отчеттуулук бөлүмүнүнө аккредиттөөгө берилген документтерге ылайык эл аралык байкоочунун күбөлүгүн даярдоону уюштурсун.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н.К. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш. 2016-жылдын 9-ноябры

№ 47