№ 98 Автоматтык эсептөөчү урналарды жеткирүүнү, сактоону жана толук кандуу иштөөсүн уюштуруу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 10-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлунда № 77 токтому менен бекитилген 2015-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын Календардык планынын 4-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдери, шаарлардын мэрлери участкалык шайлоо комиссияларды автоматтык эсептөөчү урналарды техникалык талаптарга ылайыктуу сактоочу жай менен камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары менен бирге төмөнкү маселелерди чечсин:

- аймактык шайлоо комиссиялардан автоматтык эсептөөчү урналарды участкалык шайлоо комиссияларына 2015-жылдын 23-сентябрына чейин жеткирүү жана анын сакталышын камсыздоону;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде автоматтык эсептөөчү урналардын коопсуздугун сактоону;

- участкалык шайлоо комиссиялардан аймактык шайлоо комиссияларына автоматтык эсептөөчү урналарды добуш берүүнүн жыйнтыктары чыккандан кийин жеткирүү жана анын сакталышын камсыздоону.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары автоматтык эсептөөчү урналарды толук кандуу иштетүү үчүн  участкалык шайлоо комиссияларды зарыл болгон альтернативдүү ток булактары жана башка каражаттар (генераторлор, аккумуляторлор, узартуучулар, розеткалар жана башкалар) менен камсыз кылсын.

4. Участкалык шайлоо комиссиялары:

- автоматтык эсептөөчү урналардын 2015-жылдын 3-октябрына чейинки тестирлөөнүн жыйынтыктарын күн сайын борбордук серверге        11-00дө жана 15-00дө берүүлүсүн камсыз кылсын;

- тестирлөөнүн жыйынтыктарын күн сайын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын техникалык жактан колдоо тобуна маалымат берсин;

- автоматтык эсептөөчү урналардын 2015-жылдын 23-сентябрынан баштап 3-октябрына чейинки тестирлөө бүткөндөн кийин баштапкы жана жыйынтык отчетторун токтоосуз жок кылсын.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

 ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2015-жылдын 21-сентябры

№ 98