№ 8 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн көрнөктөрдүн жана календардын формасын жана текстин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   7, 18, 20 жана 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:


1.  2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, көрнөктөрдүн жана календардын формасы жана тексти, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Бул  чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 Бишкек ш., 2017-жылдын 29-марты

№ 8