№ 89 “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Самаков Карганбек Садыковичти кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы карап чыгуу жөнүндө

2015-жылдын 14-майында КР КЖКнын 303-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Самаков Карганбек Садыковичке карата кылмыш иш козголгон.

2015-жылдын 17-майында К. Самаковго КР КЖКнын 303-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 30-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш иштерди жасагандыгы үчүн айып коюлган.

Тергөө учурунда, К. Самаковдун, мурдагы премьер-министр И.В. Чудиновдун жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр И.Р. Айдаралиевдин коррупциялык иштеринин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жер тилкелерди трансформациялоо жөнүндө  11.10.2008-ж. № 574  мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган.

2015-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын каршылыгынын негизинде көрсөтүлгөн мыйзамсыз токтомду жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. 

К. Самаковдун кылмыш иши бар, айыпталуучу деген статуска ээ болгондугун эске алуу менен, кошумча табылган далилдердин негизинде аны айыпталуучу катары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө тергөө тарабынан жаңы токтом кабыл алына тургандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Самаков Карганбек Садыковичти кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Самаков Карганбек Садыковичти, шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейин, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын өкүлдөрүнө жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П Баженовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш, 2015-жылдын 15-сентябры

№ 89