№ 87 “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Чудинов Игорь Витальевичти кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы карап чыгуу жөнүндө

2015-жылдын 14-майында КР КЖКнын 303-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Самаков Карганбек Садыковичке карата кылмыш иш козголгон.

Тергөө учурунда, К. Самаковдун, мурдагы премьер-министр И.В. Чудиновдун жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр И.Р. Айдаралиевдин коррупциялык иштеринин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жер тилкелерди трансформациялоо жөнүндө  11.10.2008-ж. № 574  мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган.

2015-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын каршылыгынын негизинде көрсөтүлгөн мыйзамсыз токтомду жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. 

Жөнөтүлгөн сунуштамада Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер И.В. Чудиновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Чудинов Игорь Витальевичти, шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейин, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрүнө жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

  

Бишкек ш, 2015 жылдын 15 сентябры

№ 87