№ 79 «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын аракеттерине карата даттануусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын аракеттерине карата даттануу түшкөн. Үгүт материалдарды бузуу фактылары аныкталган. Бул Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс жана шайлоо мыйзамдары боюнча укук бузуу болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 -беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:1.  

1. «Тазалык» муниципалдык ишканасына Көрсөтмө жиберилсин.

1.1 «Тазалык» муниципалдык ишканасы мындан ары үгүт материалдарын бузууга жол бербөөгө карата чараларды көрсүн.

1.2 «Тазалык» муниципалдык ишканасы бузулган үгүт материалдарды калыбына келтирсин.

2. «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын ортосундагы келишим боюнча талаш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                        Т. АБДРАИМОВ

 

2015-жылдын 8-сентябры

№ 79