№ 6 “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясына “Бир-Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил  саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча Голобородько Ида Львовнанын жана Эсенгулова Рысбүбүнүн жеке арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Бир-Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен Голобородько Ида Львовна жана Эсенгулова Рысбүбү чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы ““Бир-Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 61 чечиминен жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо бөлүгү жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Т.АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 25-марты

№ 6