№ 6 Н.В. Степанованын арызын карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер Н.В. Степановадан шайлоодо мыйзам бузуулар орун алгандыгы жана кайталап шайлоо өткөрүп берүү өтүнүчү менен арызы түшкөн.

Мындан тышкары, Н.В. Степанова, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жана башка инстанцияларга ушул сыяктуу маанидеги алдын ала кайрылууларды жолдогон.

Н.В. Степанованын арызында камтылган бардык далилдерди ар тарабынан изилдөөнүн жана анализдөөнүн натыйжасында, арызда камтылган маалыматтарга тийиштүү далилдер жок жана текшерүү процессинде тастыкталган жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  1. Н.В. Степанованын арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
  2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине берилсин.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ


Бишкек ш. 2015-жылдын 22-майы, №6

 

2015-жылдын 22-майында жарыяланды