№ 62 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна катталган үгүт топторунун тизмесине кошумча аадмдарды киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:        

1. Катталган № 3 “макул” тобунун тизмесине кошумча төмөнкүлөр киргизилсин:

- Бакетаев Б.К.;

- Какчекеев Т.К.;

- Арстанбекова Б.К.;

- Мамытов Т.Б.

2. Катталган № 7 “макул” тобунун тизмесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун сактоо шарты менен кошумча төмөнкүлөр киргизилсин:

-Бекешев Д.Д.;

-Карамушкина И.Ю.;

-Самигулина А.Э.;

- Строкова Е.Г.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү,  Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси К.М. Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 2-декабры 

№ 62