№ 53 “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

“Эгемен Кыргызстан” саясий партиясы каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жана башка адамды ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 1. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чувилина Елена Николаевнанын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Ушул чечим күчүнө кирген күндөн тартып, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Е.Н. Чувилинага берилген № 32 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Шекерова Салтанат Солдатбековна катталсын.

4. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

 ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 14-августу

№ 53