№ 52 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата Мансуров Махситали ажынын даттануусу жөнүндө

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын кайрылууларын карап чыгуу боюнча жумушчу топтун, М. Мансуровдун 2016–жылдын 19-ноябрындагы (кир. № 01-11/1172) Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата даттануусу боюнча чечимин эске алып, жарандардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын укуктарынын сакталышына жана ишке ашыруусуна кепилдиктерди камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,42,46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары А.Р.Ташпулатовду каттоо  жөнүндө чечиминин бөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу М. Мансуровдун даттануусун канаттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү,  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын кайрылууларын карап чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 21 –ноябры

№ 52