№ 51 Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө берилген билдирүүсүнүн негизинде,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1,2,3,4,5,8-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 19-бөлүктөрүн, 18-беренесинин 2,3-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамырканов Бактыбек Джуматаевичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.
  2. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамырканов Бактыбек Джуматаевичтин № 47 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
  3. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Курманов Бакыт Намазбекович катталсын.
  4. “Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилсин.
  5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

г. Бишкек, 11 августа 2015 года

№ 51