№ 48 2015- жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календарлардын тексттерин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20, 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1.  2015- жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн  жана календарлардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрү бул чечимди участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин.

3.  Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу 

№ 48