№ 45 “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Арпачиева Төлөгүл Батыркановнаны чыгаруу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча Арпачиева Төлөгүл Батыркановнанын түшкөн жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызстан” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Арпачиева Төлөгүл Батыркановна чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 64 чечиминин талапкер Арпачиева Төлөгүл Батыркановнаны каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 6-ноябры

№ 45