№ 44 “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Орозова Нуржамал Базарбаевнаны чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил  саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча Орозова Нуржамал Базарбаевнанын түшкөн жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Орозова Нуржамал Базарбаевна чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 61 чечиминин талапкер Орозова Нуржамал Базарбаевнаны каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 6-ноябры

№ 44