№ 3 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 17-21, 53, 60 – беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмегин жана талапкерлерди каттоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан тапшырыла турган керектүү документтердин тизмеги жана формалары бекитилсин (1-тиркеме), (2-тиркеме).
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 12-февралы

№ 3