№ 2 Кароол айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Калматовдун 2017-жылдын 20-январындагы даттануусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  референдумун  жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун Кароол айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С. Калматовдун 2017-жылдын 20-январындагы (№01-10/180) даттануусу боюнча чечимин карап чыгып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасын мыйзамдарын бузуу далилдеринин жоктугун эске алып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41,43-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 1. Кароол айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С. Калматовдун даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  мүчөсү, Кыргыз Республикасынын  референдумун  жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек шаары, 2017 -жылдын 23-январы

№ 2