№ 29 Окутуу модулдарын жана шайлоо документтерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө

2016-жылдын күзүндө боло турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даярдыктарды көрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. Окутуу модулдарын жана шайлоо документтерин иштеп чыгуу боюнча төмөндөгү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

- Бекматов Абдыжапар Гапырович – Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

- Абдрахматова Атыр Болотбековна - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

- Джурабаева Гульнар Курашбековна – Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү;

- Арипов Назарали Турдалиевич- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү;

-Кадыров Бахтияр Сабиржанович- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү;

- Аргымбаев Мурзабек Искенович – Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун мүчөсү;

- Абдылдаева Наргиза Уркасымовна – Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо технологиялары борборунун директору, жумушчу топтун мүчөсү;

-Дюшенбиева Бермет Нарынбековна-Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын окутуу борборунун эксперти, жумушчу топтун мүчөсү;

-Джумашалиева Бермет Омурбековна- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, жумушчу топтун мүчөсү;

2. Жумушчу топко тийиштүү эксперттер тартылсын (макулдугу боюнча).

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырамын. 

 

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2016-жылдын 28-июлу

№29