№ 21 2016-жылдын 27-мартындагы Токмок шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча «Кыргызстан» саясий партиясынын даттануусун карап чыгуу жөнүндө

2016-жылдын 27-мартындагы Токмок шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча «Кыргызстан» саясий партиясынын даттануусун карап чыгуу жөнүндө 

            Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, 2016-жылдын 8-апрелинде «Кыргызстан» саясий партиясынан келип түшкөн арызында (кир. №01-14/361), АШКнын төрагасынын шайлоо участкалардагы бузуулар боюнча арыздарды кабыл албай койгон аракеттерине,  Токмок АШКсы 2016-жылдын 30-мартындагы жана 05-апрелиндеги жыйынтыктоочу отурумунда №16, №17 протоколдорун бекитип, ал менен шайлоо комиссиялардын иш-аракеттерине жана чечимдерине карата алардын даттануу укуктарын бузгандыгын көрсөтүп, Токмок АШК тарабынан буга чейин кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарууну өтүнгөн.

Арыздар, даттануулар жүйөөлүү болуп жана алар, негиз болгон далилдер менен бирге,  датаануунун мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө берилишине тийиш экендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

            1. «Кыргызстан» саясий партиясынын арызын (кир. № 01-14/361) канааттандыруудан баш тартылсын.

            2. Бул чечимдин көчүрмөсү шайлоочулар тизмесиндеги так эместиктер фактысын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

            3. Бул чечимдин көчүрмөсү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин.

            4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

            5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                    Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели

№ 21