Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 11.04.2016 № 20 «Демократия жана жарандык коом үчүн …

11.04.2016 № 20 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата түшкөн даттанууларын карап чыгуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2016-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине карата даттануулары (кир. № 01-13/337, № 01-13/338 ) келип түшкөн. Ал даттанууларында №№ 5286, 5282, 5272 шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурунда, шайлоо бюллетендеринин саны чектердин саны менен дал келбегендиги, контролдук катыштардын көптөгөн дал келбестиктери, № 5284 шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү учурунда шайлоочуларга ким үчүн добушту берүү боюнча көрсөтмө бергендиги жана үгүт иштерди жүргүзгөндүгү аныкталгандыгы туралуу көрсөтүлгөн.

2016-жылдын 31-мартындагы жыйынтыктоочу отурумунун жүрүшүндө “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын даттанууларын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы карап чыгып, чектер менен контролдук катыштардын дал келгендигин жана шайлоо участкасында добуш берүү жыйынтыктарына таасирин берген үгүт иштерин жүргүзүү фактылары жок болгондугун чечиминде көрсөтүп, даттанууларын канааттандыруудан баш тарткан. Ушуга байланыштуу, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын даттанууларды карап чыгып, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жогорудагы чечимин жокко чыгарып, көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды кайрадан карап чыгып, мыйзам бузууларды жокко чыгаруу үчүн зарыл чараларды көрүүнү өтүнгөн.

Арыздар, даттануулар жүйөөлүү болуп жана алар, негиз болгон далилдер менен бирге берилишине тийиш экендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  

1. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын байкоочуларынын даттанууларын (кир. № 01-13/337, 01-13/338) канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жөнөлтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

                  ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели

№ 20