№ 1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Э. Д. Байбакпаевдин жеке маалыматтарын өзгөртүү жөнүндө

«Республика - Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Байбакпаев Экмат Джурукпаевичтин атын өзгөртүү бөлүгүндө жеке маалыматтарын алмаштыргандыгы жөнүндө түшкөн кайрылуусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Байбакпаев Екметкул Джурукпаевичтин атына берилген № 054 күбөлүгү, ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, жараксыз деп табылсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын    № 054 күбөлүгү Байбакпаев Экмат Джурукпаевичке берилсин.

3.      Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.      Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 28-январы

№ 1