Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.05.2017 № 18 Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка …

20.05.2017 № 18 Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б.Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованы

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б.Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу даттануусу келип түшкөн.

Алар өз даттануусунун негиздемеси катары, Ак-Ордо турак жай массивинин “498-контур” боюнча кварталдын кызматкеринин милдетин аткаруучусу С.Б. Табалдиев, кварталдын кызматкери катары милдетин аткарбаганын, жергиликтүү комитетке отчет бербегенин жана жергиликтүү биримдиктин жыйынына катышпагандыгы көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна арыз ээлери жана кызыкдар тараптар келген жок. Отурумдун күнү жана убактысы жөнүндө тийиштүү түрдө маалымдалган.

Даттануу боюнча материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин каттоосун жокко чыгаруу үчүн шайлоо мыйзамында көрсөтүлгөн негиз жок экендигин белгилейт.

Арыз ээлери тарабынан, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинде белгиленген талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө даттануулар менен кайрылуунун тартиби бузулган.

Ошону менен бирге, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн толук берилген болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандарды, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессиниин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б.Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу даттануусу жөнүндө чечимин эске алып, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 1,2- бөлүгүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.Б. Таабалдиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо турак жай массивинин жашоочулары А.Көкүмованын, Г.Сейдакматованын даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жыл 20- май

№ 18