№ 17 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика» саясий партиясынан – И.Р. Холматованын түшкөн арызына байланыштуу, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  1. Холматова Интизорхон Рахимжоновнанын арызы канааттандырылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Республика» саясий партиясынан талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын.
  2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине берилсин.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 18-декабры

№ 17