Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.05.2017 № 17 Шайлоо мыйзамдарын бузулушу тууралуу Д.Э.Умралиеванын …

20.05.2017 № 17 Шайлоо мыйзамдарын бузулушу тууралуу Д.Э.Умралиеванын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2017-жылдын 28-майына белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдардын бузулушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Д.Э.Умралиеванын арызы түшкөн.

Арыз ээсинин пикири боюнча Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоону өткөрүү учурунда, талапкерлердин документтерин каттоодо жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо шайлоо мыйзамында белгиленген тартиптер бузулган, арызда булл тууралуу маалыматтар баяндалат, ошондой эле саясий партиянын уюштуруучусу болгон жарандын, башка саясий партиядан талапкерлигин көрсөтүү укугу жөнүндө түшүндүрмө берүүнү өтүнөт.

Арыз ээси тарабынан берилген материалдарды, ошондой эле Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы берген материалдарды карап чыгып  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү аныктады:

1. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 11-бөлүгүнүн талаптары бузулган, тактап айтканда, талапкерлердин жашаган жери жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына кээ бир талапкерлердин туулган датасы көрсөтүлгөн эмес.

2. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы А.Ш. Карабековдун колу коюлган жана “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын

мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн  Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинин көчүрмөсүнө ылайык, М.Ж. Аманкулов жумушсуз катары эсептелинет. «Агротехсервис Султан» ЖЧКсынын 2017-жылдын 24-апрелиндеги В.И. Чиляевге берген маалым катына ылайык, ал 2016-жылдын 2-апрелинен тартып бүгүнкү күнгө чейин  «Агротехсервис Султан» ЖЧКсында кароолчу болуп иштейт.

Ушундан улам, депутаттыкка талапкерлер М.Ж. Аманкулов жана В.И. Чиляев жөнүндө маалыматтар шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жооп берет.  Мындан тышкары, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 17.05.2017-жылдагы № 3 протоколу көрсөтүлгөн, ал боюнча М.Ж. Аманкулов жана В.И. Чиляев “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.

«Кайнар» (Источник) Элдик Аракет саясий партиясынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги протоколуна ылайык, А.А. Акматов жана О.А. Камнев «Кайнар» (Источник) Элдик Аракет саясий партиясынын курамынан чыгарылган.

«Республика» саясий партиясынын Жайыл аймактык бөлүмүнүн  жыйынынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги протоколуна ылайык, А.А. Акматов «Республика» саясий партиясынын мүчөсү болуп кабыл алынган.

«Содружество народов Кыргызстана» саясий партиясынын съездинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги протоколуна ылайык, О.А. Камнев «Кыргызстан Элдеринин Достугу” саясий партиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынган.

«Содружество народов Кыргызстана»  саясий партиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы протоколуна ылайык, А.Ж. Атабекова саясий партиянын курамынан чыгарылган.

“Кыргызстан” саясий партиясынын шаардык кезексиз жыйынынын 2017-жылдын 24-апрелиндеги №5 чечимине ылайык, А.Ж. Атабекова “Кыргызстан” саясий партиясынын Кара-Балта шаардык бөлүмүнүн мүчөлүгүнөн чыгарылган.

«Содружество народов Кыргызстана» саясий партиясынын 2017-жылдын 25-апрелиндеги протоколуна ылайык, А.Ж. Атабекова «Содружество народов Кыргызстана» саясий партиясынын мүчөсү болуп кабыл алынган.

Ушундан улам, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын аракетинде “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнүн талабын бузуу фактылар аныкталган жок.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна арыз ээси жана кызыкдар тараптар келген жок. Отурум өтө турган күнү, датасы жөнүндө тиешелүү түрдө маалымдалган. Берилген материалдарды иликтеп чыгып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкү жыйынтыкка келди:

Д.Э. Умралиеванын арызынын Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жарыялоодо шайлоо мыйзамынын бузулушу болгондугу жөнүндө бөлүгү канааттандырууга жатат.

Арыз ээсинин, депутаттыкка талапкерлер М.Ж. Аманкулов жана В.И. Чиляев иштеген жери жөнүндө туура эмес маалыматтарды көрсөтүп, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнүн талаптары бузулду деген бөлүгү тастыкталбагандыктан, канааттандыруусуз калтырууга жатат.

Жогоруда баяндалгандарды, ошондой эле шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1,4,11-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7,18-беренелерин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Д.Э.Умралиеванын арызындагы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жарыялоодо шайлоо мыйзамдардын бузулушу жөнүндө бөлүгү канааттандырылсын, арыздын башка бөлүктөрүн канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлердин тизмесин жарыялоодо бузуулар болгондугу жана мындан ары шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербөө көрсөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.  

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жыл 20-майы

№ 17