№ 16 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тең мүмкүнчүлүгүн камсыздоодого кошкон жеке зор салымын эске алып, коомдук иштердеги ак ниет жана жемиштүү эмгеги, жарандарды укуктук жактан жигердүү колдогондугу үчүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:


 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен “Сезим” Коомдук фондунун жетекчиси Камилжан Майнаев сыйлансын.

 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы, пландоо, эсеп жана отчеттуулук бөлүмү ушул чечимди жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн. 

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Б.С.Кадыровго жүктөлсүн.

 

 

 ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 19 майы

№16