Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 11.04.2016 № 16 2016-жылдын 27-мартындагы Ош облусунун Ноокат …

11.04.2016 № 16 2016-жылдын 27-мартындагы Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодогу №5370 участкасы боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 29, 30-мартында, 1 жана 8-апрелинде №5370 шайлооучастогу боюнча Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеӊешинин депутаттыгына талапкерлер М.Алибаевадан, А.Жакыповдон, А.Ашимовдон, С.Нукошовдон, З.Мамытовдон, Б.Токторбаевден, А.Зулпуевден, А.Ысмайыловдон, Калмамат у. А., А.Адимовдон жана Т.Мусаевден (кир. №№01-11/325, 01-11/317, 01-12/314, 01-11/349) шайлоочулардын тизмесиндеги так эместиктер, шайлоочуга чек басылып чыгарылбагандыгына карабастан шайлоо бюллетенин берүү фактылары, добуштарды кол менен эсептөөдөгү так эместиктер, ошондой эле УШКнын курамын түзүүдө мыйзамдардын бузулгандыгы тууралуу арыздары түшкөн, ошондой эле алар арыздарында шайлоочуга буга чейин тиешелүү белги коюлган бюллетенди берген учурда участкалык шайлоо комиссиянын төрагасына кайрылганда, ал белги коюлган бюллетенди сейфке салып койгондугун көрсөтүшүп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууну суранышкан.

Берген материалдардан, жогоруда көрсөтүлгөн арыз ээлеринин айрым бөлүгү: Т.Мусаев, А.Ысмайылов, Б.Токторбаев, М.Алибаева, А.Зулпуев, А.Жакыпов, З.Мамытов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  2016-жылдын 1, 8-апрелинде кайрылып, эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугуна жана буга чейинки арыздар адашып жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу, буга чейинки арыздарды кароодон алып салууну өтүнгөн.

Шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө сейфке салынган бюллетень эсепке алынган жок, бул добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасирин берген эмес. Бирок, арыз боюнча алдын-ала белги коюлган бюллетенди берүү фактысына иликтөө жүргүзүү зарыл.

Арыздар, даттануулар жүйөөлүү болуп жана алар негиз болгон далилдер менен бирге берилишине тийиш экендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  

1. Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеӊешинин депутаттыгына талапкерлер А.Адимовдун, А.Ашимовдун, С.Нукошовдун жана Калмамат у. А. арыздарында (кир. №№01-11/325, 01-11/317) көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү окуянын болгондугу фактысын аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

                         ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 11 – апрели

№ 16