№ 157 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын арыздары жөнүндө

2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынан бир нече арыз келип түшкөн (кир. № 01-1/14-1803 / 12.10.2015, кир. № 01-1/14-1804 / 12.10.2015, кир. № 01-1/14-1823 / 14.10.2015), алардын бардыгы долбоорду ишке ашыруу бөлүмүндө иштеп чыгууда жаткан.

Келип түшкөн арыздарды карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-37, 43-45-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынан келип түшкөн арыздар (кир. № 01-1/14-1803 / 12.10.2015, кир. № 01-1/14-1804 / 12.10.2015, кир. № 01-1/14-1823 / 14.10.2015) канааттандыруусуз калтырылсын.

 2. Бул чечимди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Аталган чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 20-октябрь 2015-жыл

№ 157