Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 15.10.2015 № 156 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку …

15.10.2015 № 156 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу боюнча жыйынтыктоочу маалымат жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Добуш берүү күнүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 53 арыз, даттануу жана кайрылуу келип түштү.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карай арыздар жана даттануулар төмөндөгүдөй укук бузуулардын түрлөрүнө топтоштурулду: добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу арыздарда колдор коюлган эмес; саясий партиялардын байкоочуларын каттоодон баш тартылган; шайлоочулардын шайлоочулар тизмесинен чыкпай калышы; шайлоо участкаларында үгүт иштерин жүргүзүү; шайлоо участкаларына шайлоочуларды ташып келүү; добуштарды сатып алуу; идентификациялоодо техникалык каражаттардын бузулушунун айынан шайлоочуларга добуш берүүгө уруксат бербөө жана идентификациядан кийин чектерди бербей коюу.

Бардык материалдар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынына билдирилген, ар бирөөсү боюнча каралып чыккан, чечимдер кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 21 арыз, даттануу жана кайрылуу боюнча жооптордун негиздемелеринин тексти бекитилген, 9 арыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына кароо үчүн өткөрүлүп берилди, ар бир арызга жана даттанууга добуш берүү жолу менен калган 23 арыз жана даттанууну канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынды.

Шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүнөн тышкары шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессине катышкандардан укук коргоо органдарына 9 материал далилдөө үчүн териштирүүгө жөнөтүлдү. Бул материалдар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Укук коргоо органдарынын ыкчам алдын алуу иш-чаралары боюнча 22 факты каралган, алардын ичинен 4 арыз боюнча кылмыш иши козголгон, бирок алардын жыйынтыктары шайлоонун натыйжаларына эч кандай таасирин тийгизбейт.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-37, 43-45-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана башка шайлоого катышкандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуу боюнча Жумушчу топтун маалыматы кабыл алынсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Аталган чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 15-октябрь 2015-жыл

№ 156