№ 150 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча 2015-жылдын 3-13-октябрында келип түшкөн арыздар жана даттануулар жөнүндө

2015-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 3-13-октябрынын ичинде 26 арыз жана даттануулар төмөнкүлөрдөн келип түшкөн:  «Республика­Ата Журт» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-713 / 04.10.2015, кир. № 01-1/14-1712 / 04.10.2015), «Азаттык» демократиялык партисы» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-1716 от 04.10.2015), «Ар-Намыс» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-1715 / 04.10.2015, кир. № 01-1/14-1710 / 04.10.2015), «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-1792 / 09.10.2015, кир. № 01-1/14-1813 / 13.10.2015), «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБдан (кир. № 01-1/13-1703 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1714 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1711 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1707 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1708 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1706 / 04.10.2015), «Таза Шайлоо» ассоциациясынан (кир. № 01-1/13-1727 / 05.10.2015, кир. № 01-1/13-1748 / 06.10.2015), «Кыргыз Чоролору» КБдан (кир. № 01-1/11-1784 / 08.10.2015), Ново-Павловка айылынын тургундарынан (кир. № 01-1/11-1789 / 08.10.2015), Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу, Мундуз айылынын тургуну А.Орозовдон (кир. № 01-1/11-1814 / 13.10.2015), Кыргыз Республикасынын жарандары К.Казаковдон, Е.Акматовадан ж.б. (кир. №01-1/11-1783 / 08.10.2015), Н.М. Арботоевден (кир. №01-1/11-1748 / 06.10.2015), А.С. Арабаевадан (кир. №01-1/11-1785 / 08.10.2015), Д.К.Садыгалиевден (кир. №01-1/9-1752 / 06.10.2015), “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын байкоочусунан (кир.№01-1/11-1751 / 06.10.2015), «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын ишенимдүү адамы Р.К.Усенбаевден (кир. № 01-1/11-1816 / 13.10.2015), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кайрылуулары (кир. 01-1/9-1687 / 03.10.2015, кир. 01-1/9-1764 / 07.10.2015).

Келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүңдө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35, 37, 43-45-беренелеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. Төмөнкү арыздарды жана даттанууларды канааттандыруудан баш тартылсын: «Республика­Ата Журт» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-713 / 04.10.2015, кир. № 01-1/14-713 / 04.10.2015, кир. № 01-1/14-1712 / 04.10.2015), «Азаттык» демократиялык партисы» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-1716 / 04.10.2015), «Ар-Намыс» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-1715 / 04.10.2015, кир. № 01-1/14-1710 / 04.10.2015), «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан (кир. № 01-1/14-1792 / 09.10.2015, кир. № 01-1/14-1813 / 13.10.2015), «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБдан (кир. № 01-1/13-1703 / 04.10.2015), «Таза Шайлоо» ассоциациясынан (кир. № 01-1/13-1727 / 05.10.2015, кир. № 01-1/13-1748 / 06.10.2015), «Кыргыз Чоролору» КБдан (кир. № 01-1/11-1784 / 08.10.2015), Ново-Павловка айылынын тургундарынан (кир. № 01-1/11-1789 / 08.10.2015), Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу, Мундуз айылынын тургуну А.Орозовдон (кир. № 01-1/11-1814 / 13.10.2015), Кыргыз Республикасынын жарандары К.Казаковдон, Е.Акматовадан ж.б. (кир. №01-1/11-1783 / 08.10.2015), Н.М. Арботоевден (кир. №01-1/11-1748 / 06.10.2015), А.С. Арабаевадан (кир. №01-1/11-1785 / 08.10.2015), Д.К.Садыгалиевден (кир. №01-1/9-1752), “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын байкоочусунан (кир.№01-1/11-1751 / 06.10.2015), «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын ишенимдүү адамы Р.К.Усенбаевден (кир. № 01-1/11-1816 / 13.10.2015), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кайрылуусу (кир. 01-1/9-1764 / 07.10.2015).

2. Төмөнкү келип түшкөн даттануулар канааттандыруудан баш тартылсын: ишеним кат боюнча келген «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» КБнын кызматкерлеринен жана байкоочуларынан келип түшкөн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан мурда каралган (кир. № 01-1/13-1714 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1711 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1707 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1708 / 04.10.2015, кир. № 01-1/13-1706 / 04.10.2015).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына карап чыгуу үчүн төмөнкүлөр өткөрүлүп берилсин: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кайрылуусу (кир. 01-1/9-1687 / 03.10.2015) жана “Республика–Ата Журт” саясий партиясынын арызы (кир. № 01-1/14-1712 / 04.10.2015), Кыргыз Республикасынын жараны Н.М. Арботоевдун арызы (кир. №01-1/11-1748 / 06.10.2015).

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Аталган чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ 

 

 

Бишкек ш., 14-октябрь 2015-жыл

№ 150