Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 12.10.2015 № 145 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын …

12.10.2015 № 145 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн арыздар жана даттануулар жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 9-октябрында “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А. Рысбаевадан Ош шаарындагы №5299, №5317 шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылуусу келип түшкөн. Себеби, А. Рысбаева жогорудагы 2 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра эсептөөнү суранган. Бирок Ош аймактык шайлоо комиссиясы кайра эсептөөдөн баш тарткан.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын Араван  районундагы мүчөсү И. С. Хакимовдон №5358 “Тепе-Коргон”, №5359 “Кесов”, №5481 “Беш Кабырга” шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра эсептөө боюнча арыз түшкөн. Араван аймактык шайлоо комиссиясы карап, добуштарды кайра эсептөөгө негиз жок деген чечим чыгарышкан.

Буга кошумча, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 7-октябрында “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын тең төрагасы А. К. Мадумаровдон айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча добуштарды кайра эсептөө боюнча кайрылуу келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдордун түп нускалары келип түшө элек. Бул райондордон добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдордун түп нускалары келип түшкөндөн кийин каралат.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана ререндум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А. Рысбаеванын арызы канааттандырылсын.

Ош шаарындагы №5299, №5317 шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктары кайра эсептелсин.

2. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”  саясий партиясынын Араван  районундагы мүчөсү И. С. Хакимовдун кайрылуусу канааттандырылсын.                                           

Ош облусунун Араван  районундагы №5358 “Тепе-Коргон”, №5359 “Кесов”, №5481 “Беш Кабырга”шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелсин.

3. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы №5050, №5051, №5052, №5053 шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Аталган чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 12-октябрь 2015-жыл

№ 145