№ 12 “Ата-Мекен”саясий социалисттик партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Ата-Мекен”саясий социалисттик партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2, 3, 4, 5 жана 19-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 18-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. “Ата-Мекен”саясий социалисттик партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Токтакунова Таалайкул Аскаралиевна катталсын.

2. “Ата-Мекен”саясий социалисттик партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мусабаева Чолпон Эсенгуловна  катталсын.

3. “Ата-Мекен”саясий социалисттик партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 31-июлу

12