№ 129 Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн «Ата-Мекен» саясий социалистик партиясын эскертүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын 5-кичи районунун №72/1 үйдүн жашоочуларынан даттануу, «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан арыз жана Бишкек шаарынын мэриясынан кат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарек боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын  шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери бузулгандыгы  аныкталды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринин эрежелерин бузгандыгы үчүн «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясына эскертүү берилсин.
  2. Бул чечимдин көчүрмөсү «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясына жөнөтүлсүн.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 1-октябры

№ 129