№ 126 “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясына расмий жазуу жүзүндө эскертүү берүү жөнүндө

“Кыргызстан элдеринин конгресси”  саясий партиясынын мүчөсү А.Мурсабеков 2015-жылдын 19-августунда Мамлекеттик тарых музейинде саясий партиянын съездин өткөрүү үчүн, партиянын лидери Ш.Медетбековдон 10 000 сом акча алган жана ал акча каражатын кассалык-чыгаша ордери аркылуу накталай төлөгөн. Бул “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жонүндө” Конституциялык Мыйзамынын  41-беренесинин 11,14- бөлүктөрүн бузуу болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелери,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын  41, 42-беренелерине таянып,  Конституциялык Мыйзамдын  41 беренесинин 11, 14-бөлүктөрүн бузгандыгы  үчүн,  Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  1. Кыргызстан элдеринин конгресси”  саясий партиясына расмий жазуу жүзүндө эскертүү берилсин.
  2. Бул чечим “Кыргызстан элдеринин конгресси”  саясий партиясына   жөнөтүлсүн.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси  Г.М.Баатыровага  жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Т.АБДРАИМОВ 


Бишкек ш., 30-сентябрь 2015-ж.

№ 126