№ 122 Эл аралык байкоочуларга кеткен чыгымдарды төлөө жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1 бөлүмүнүн 2,12- бөлүкчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. 2015-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди шайлоого чакырылган эл аралык байкоочуларга кеткен чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын эсебинен төлөнүп берилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул чечимдин аткарылышын  көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

    ТӨРАГА                                                                                   Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2015-жылдын   29-сентябры

№ 122