№ 11 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер Кылычбаев Алтынбек Таирович жана Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, аларды көрсөтүлгөн тизмеден чыгаруу тууралуу арыздарын беришкен.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер А.Т. Кылычбаевдин, А.Т. Сыргабаевдин аларды көрсөтүлгөн тизмеден чыгаруу тууралуу арыздары канааттандырылсын.
  2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

  

ТӨРАГА                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 17-июну

№ 11

 

2015-жылдын 17-июнунда жарыяланды