№ 116 Кошумча шайлоо бюллетендери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө, 15-беренесинин 5-пунктуна ылайык шайлоочулардын акыркы тизмесинин түзүп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 24-сентябрына чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтүүгө милдеттүү болчу.

2 757 829 адамдан турган шайлоочулардын акыркы тизмеси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 25-сентябрында саат 14төн 30 мүнөт өткөндө тапшырылган жана 0,1 пайызды эсепке алуу менен 2 768 305 нускадан турган шайлоо бюллетендери басып чыгарылган жана аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн.

Ошол эле мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын 26-сентябрында саат 19.00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясына шайлоочулардын өзгөрүлгөн акыркы тизмесин 3 468 шайлоочуга көбөйтүп кайрадан жөнөткөн.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы мурда сунуш кылган маалымат боюнча бюллетендендин санына 0,1 пайызын эсепке алуу менен басып чыгарылгандыктан 3 468 сандагы нускадан турган кошумча шайлоо бюллетендери басып чыгарылбасын.
  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-сентябры