№ 111 «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү жөнүндө

«Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасынын 2015-жылдын 22-сентябрдагы № 39 (1820) санында «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын  талапкери И.В.Чудинов менен болгон дилмаек жарык көргөн. Бул басылмада  Россия Федерациясынын Президенти  менен түшкөн сүрөт пайдаланылган. «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасынын билдирүүсүнө ылайык бул сүрөт өзүнүн демилгеси боюнча  жаңылыштык менен жайгаштырылган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына эскертүү берилсин.
  2. Саясий партиялар, массалык маалымат каражаттары, интернет булактары жана маалымат агенттиктери шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин катышуусундагы фото- жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынгандыгы тууралуу маалымдалсын.
  3. Бул чечимдин көчүрмөсү «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына жана катталган саясий партияларга жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

  

Төраганын

орун басары                                                               А. Шайымкулова 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 26-сентябры

№ 111