№ 106 «Республика – Ата Журт» саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына «Мыйзамдуулукка жана шайлоолордун тазалыгына» КУдан арыз келип түштү.

Берилген арызды карап чыгып, 2015-жылдын 14-сентябрында саат 22:50дө КТРКда «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан кандидаты Ө.Т. Бабанов тууралуу «Атайын репортаж» программасы көрсөтүлгөндүгү аныкталган. Берилген видеоматериалда Россия Федерациясынын жана Түркиянын мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин катышуусундагы кадрлар колдонулган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

  1. «Республика – Ата Журт» саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  2. КТРК мындан ары «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан кандидаты Ө.Т.Бабанов тууралуу «Атайын репортаж» программасынан каралган видеоматериал, ошондой эле чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин катышуусундагы башка видеоматериалдар телекөрсөтүүдө чыгарбасын.
  3. Ушул чечимдин көчүрмөсү «Республика – Ата Журт» саясий партиясына жана КТРКга жөнөтүлсүн.
  4. Ушул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 24-сентябры

№ 106