ЧЕЧИМ № 8

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин шайлоо участкаларындагы добуш берүүчү жайларына телевизордун мониторун жана видеобайкоо техникалык каражаттарын орнотуу зарылчылыгы тууралуу шайлоочулардын кайрылуусун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  36-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Шайлоо процессинин катышуучуларына Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын  эсептөөгө контроль кылууну камсыздоо үчүн добуш берүүчү жайларда телевизордун мониторун жана видеобайкоо техникалык каражаттарын орнотууга уруксат берилсин.

2. Видеожазуунун контролдук нускасы участкалык шайлоо комиссиясында калып жана видеожазуунун көчүрмөлөрү кызыкдар адамдарга, алардын талабы боюнча бериле тургандыгы белгиленсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                   Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш.,

2014 –жылдын 30-апрели