ЧЕЧИМ №4 А. Дыйканбаевдин, Н. Мамбеталиевдин, Н. Макишевдин арызын карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) 2013-жылдын 6-майында Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары-АШК) 2013-жылдын 2-майындагы № 36 чечимин карап чыгуу жөнүндө А. Дыйканбаевдин, Н. Мамбеталиевдин, Н. Макишевдин арызы келип түшкөн, анда арыз ээлери АШКнын чечимин жокко чыгарууну жана аларды Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка талапкер катары катышууга жол берүүнү өтүнүшкөн.

Дыйканбаев А.Д., Мамбеталиев Н.Р., Бегалиев Б.Д., Макишев Н.А. и Сатыбалдиев В.К. Полтавка айылдык кеңешинин депутаттары болуп, жүйөөлүү себепсиз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого келбегендиктен жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоону үзгүлтүккө учуратышкандыгына байланыштуу жана анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 75 Жарлыгы менен Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңеши тарткатылгандыктан жана жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандыктан, Жайыл АШКсы Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомун аткаруу максатында, 2013-жылдын 2-майындагы № 36 жана 2013-жылдын 6-майындагы № 40 чечимдери менен жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды Полтавка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1,2,26-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. А. Дыйканбаевдин, Н. Мамбеталиевдин, Н. Макишевдин Жайыл АШКсынын 2013-жылдын 2-майындагы № 36 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө  арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2.  Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин жана Жайыл АШКсына жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы