ЧЕЧИМ №33 Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 6106, № 6111 шайлоо участкалар боюнча добуштарды кайталап саноо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Ата-Мекен” жана “Авангард” саясий партиялардан № 6106, № 6111 шайлоо участкаларындагы бюллетендерди кайталап саноо өтүнүчтөр менен жана № 6108 шайлоо участкасында кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө арыздар келип түшкөн.

Аталган арыздар боюнча Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 27-ноябрында бюллетендерди кайталап саноо жана № 6108 шайлоо участкасында кайра добуш берүүнү дайындоо боюнча талаптарды канаттандыруудан баш тартуу жөнүндө № 14 чечим кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы № 6106, № 6111 шайлоо участкаларында бюллетендерди кайталап саноону жүргүзүүдөн баш тартуу жагынан № 14 чечими жокко чыгарылсын, калган бөлүгү күчүндө калсын.

2. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы № 6106, № 6111 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен бюллетендерди кайталап санасын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

         ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры