ЧЕЧИМ №31 Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын № 6031 шайлоо участкасында шайоочулардын добуштарын кайталап саноо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кара-Буура районунун № 6031 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө ылайык келбөөлөргө арыздар жана добуштарды кайталап саноону жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр келип түшкөндүгүнө байланыштуу,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

            ЧЕЧТИ:

1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы № 6031 шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайталап санасын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ 

Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры