Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 26 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы …

06.12.2012 ЧЕЧИМ № 26 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууларды карап чыгуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2012-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешине Таш-Кыя жана Бурма-Суу көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкер А.Азаевадан жана Р.Мамалжановдон кайрылуулар келип түштү, анда алар №3135, №3137 шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын добуштарын кайталап саноону өтүнгөн.

Сунуш кылынган материалдардан 2012-жылдын 25-ноябрында №3135, №3137 шайлоо участкаларында добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде укук бузуулар орун алгандыгы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин эсептөө процессинде катышып олтурган адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегендиги жөнүндө 2012-жылдын 26-ноябрындагы акт белгиленген. Көрсөтүлгөн актылардын участкалык комиссияларда жана аймактык шайлоо комиссиясында катталган белгиси жок.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы чечими менен Челпек айылдык кеңешине Таш-Кыя жана Бурма-Суу көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлер Р.Мамалжановго, А.Азаевага, У.Ахметовго, А.Элиевге, Р.Муканбетовго, М.Иманахуновго, Р.Ракымбердиевге шайлоо бюллетендерин кайталап саноону жүргүзүүдөн баш тартылган.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы чечими менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2, 26-пункттарды, 2-бөлүгүндөгү 5-пунктту жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

1. Челпек айылдык кеңешине Таш-Кыя жана Бурма-Суу көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлер Р.Мамалжановго, А.Азаевага, У.Ахметовго, А.Элиевге, Р.Муканбетовго, М.Иманахуновго, Р.Ракымбердиевге шайлоо бюллетендерин кайталап саноону жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы чечими жокко чыгарылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда №3135, №3137 шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайталап санасын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

            Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры