ЧЕЧИМ № 14 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Н.Жапаровдун, К.К.Ташиевдин, Т.Т.Мамытовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап чыгууну убактылуу токтотуу жөнүндө арызды карап чыгуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы укук коргоочу А.Токталиевдин 2013-жылдын 13-августундагы ал «Ата-Журт» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карап чыгууну убактылуу токтотууну өтүнгөн арызын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги
1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                                                 ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

 

1. «Ата-Журт» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карап чыгууну убактылуу токтотуу тууралуу укук коргоочу А.Токталиевдин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

 

                          ТӨРАГА                                                                            Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек шаары, 2013-жылдын 20-августу