Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.06.2013 № 10 ЧЕЧИМ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин …

28.06.2013 № 10 ЧЕЧИМ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.А.Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Т.Д. Жаныкеевдин арызын карап чыгуу тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2013-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.А.Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Т.Д.Жаныкеевдин арызы келип түшкөн, өзүнүн арызында Т.Д.Жаныкеев У.А.Аманбаева Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп ишкерликти токтоткон жок жана депутаттык мандатты жеке максаттарда колдонуп жатат деп көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-ноябрындагы №335 токтому менен У.А.Аманбаева «Республика» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

Сунуш кылынган материалдардан төмөнкүлөр белгиленди: У.А.Аманбаеванын жана Т.Д.Жаныкеевдин аялы З.М. Рысалиеванын ортосунда Бишкек шаары, Горький көчөсү, №152, Лебедев Кумач көчөсү, №32 даректеринде жайгашкан жер участогун жана турак-жайды арендалоо келишими түзүлгөн. Көрсөтүлгөн аренда келишиминин мөөнөтү 2013-жылдын 10-апрелине чейин жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын сот органдарында карап чыгуунун предмети болуп саналат. Демек, Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алган учурга карата У.А.Аманбаева ишкерлик кылууну улантып жаткан, деп эсептейт арыз ээси.

Арыз ээси сунуш кылган, У.А.Аманбаева менен А.Н.Алимбекованын ортосунда 2010-жылдын 1-декабрында түзүлгөн, 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө күчүндө болгон субаренда келишимине ылайык, У.А.Аманбаева көрсөтүлгөн мезгилде Бишкек шаары, Горький көчөсү, №152 жана Лебедев Кумач көчөсү, №32 даректеринде жайгашкан «7 Рассвет» кафесин субарендага тапшырган. Ошондуктан У.А.Аманбаева 2011-жылдын майында көрсөтүлгөн объектти сатканга чейин ишкерликти уланткан, деп эсептейт арыз ээси.

Көрсөтүлгөн субаренда келишими А.Н. Алимбекова менен
А.Ш. Мадаминовдун ортосунда түзүлгөн. 2010-жылдын 15-сентябрындагы тапшырма келишимине ылайык У.А. Аманбаева “УНГа и компании” ЖЧКдагы 100% үлүшүнө толук башкарууга жана 2008-жылдын
19-апрелиндеги жер участокко түзүлгөн арендалоо, жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча жайгашкан турак-жайга карата келишимдерге
А.Ш. Мадаминовго ишеним көрсөткөн. Ошентип, У.А. Аманбаева Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталганга чейин, 2010-жылдын сентябрында, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын токтоткон. 

А.Ш. Мадаминовдун 2013-жылдын 14-июнундагы түшүнүк катында баяндалган түшүндүрмөлөрүндө ал А.Н. Алимбекова менен субаренда келишимин түзүү чечимине келген, бирок келишим түзүлгөн эмес.

Сунуш кылынган материалдар анын ичинде арыз ээси таянган субаренданын келишими Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталган учурга карата жана азыркы учурда У.А.Аманбаева ишкерлик кылгандыгын ырастабайт. Бишкек шаардык сотунун өндүрүшүндө жаткан У.А.Аманбаева менен Т.Д. Жаныкеевдин ортосундагы талаш-тартышты чечүү Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирбейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                         ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.А.Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Т.Д. Жаныкеевдин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.Баженовго жүктөлсүн.

 

             ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2013-жылдын 28-июну