27.10.2021 №999 №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Раимкулов Бакытбек Кемелбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 24-октябрында №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Раимкулов Бакытбек Кемелбековичтин мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Адылов С.М дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-октябрындагы №919 чечими менен №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Раимкулов Бакытбек Кемелбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Кусеинова Айдай Рахатбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Раимкулов Бакытбек Кемелбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кусеинова Айдай Рахатбековнага берилген №515 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №22 Жайыл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Раимкулов Бакытбек Кемелбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Адылов Самат Муратович катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 27-октябры
№ 999