Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.10.2017 №97 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук …

04.10.2017 №97 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин Президенти А.М. Адилов тарабынан (мындан ары – арыз ээси) “Кыргыз темир жолу” МИ “УК” башкы директору А.Б. Ногойбаев тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгүнүн талаптарын бузу туурасында 2017-жылдын 30-сентябрында кир.№ 01-13/2485 арыз келип түшкөн.
Арыз ээсинин айтымында 2017-жылдын 26-сентябрында“Кыргыз темир жолу” МИ “УК” башкы директору А.Б. Ногойбаев НТС телеканалынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековду артык көрөөрүн билдирген. Арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан А.Б. Ногойбаев тарабынан конституциялык мыйзамдын нормаларынын бузулушу жөнүндө маселени кароону өтүнгөн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобу (мындан ары - Жумушчу топтор) 2017-жылдын 03-октябрындагы биргелешкен жыйналышында берилген арызды маңызы боюнча карап чыгышты.
Жыйналыштын жүрүшүндө арыздануучу А. Б. Ногойбаев конституциялык Мыйзамдын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок экени көрсөтүлгөн 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузгандыгын түшүндүргөн.
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 3 – беренелерине ылайык,  мамлекеттик бийликтин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюштурулган, республикалык бюджеттен каржылануучу орган эсептелет.
Жогорудагы Мыйзамдын иш-аракеттери төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга;
2) ушул мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кошуп алганда, аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышпаган илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча жана башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда эмгектенген кызматчыларга;
3) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген техникалык жана тейлөөчү персоналдарга.
Демек, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы адамдардын көрсөтүлгөн категориясынын үгүттөөгө катышуусуна тикелей чектөөлөрдү камтыйт. Бул тизмекке кирбеген башка бардык адамдар, демек, үгүттөөгө катыша алат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, мамлекеттик ишкана болуп, мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жана ишкерчилик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн бул ишканага бекитилип берилген юридикалык жак эсептелет. Ыкчам башкарууга негизделген ишкананын фирмалык аталышы анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишкана болуп көрсөтүлгөнүн камтууга тийиш.
“Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Аны менен бирге «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9. пунктуна ылайык, шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө арыз (даттануу) шайлоо процессинин субъектилери (катышуучулар) тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясына токтоосуз, аларга шайлоо укуктары бузулушу, чечим кабыл алынгандыгы, аракет жасагандыгы (аракетсиздиги) туурасында маалым болгон учурдан тартып, бирок 2 календарлык кундөн кечиктирбей берилет. Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
 Жогоруда айтылгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43, 44-беренелерин, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9. пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобу жөнүндө” Жобонун 3.1 пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча Жумушчу тобунунжанаКыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан - баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобуна жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча жумушчу тобуна жүктөлсүн.
 

ТӨРАГА                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш.,2017-жылдын 04 -октябры
№  97