Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 25.10.2021 №969 Конурбаев Уланбек Искаковичти №29 Свердлов шайлоо …

25.10.2021 №969 Конурбаев Уланбек Искаковичти №29 Свердлов шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 60-1-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык «Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт».

2021-жылдын 12-октябрында Конурбаев Уланбек Искакович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына №29 Свердлов шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары ѳзүн кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ арыз берген (№К-650).

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-1-бѳлүгүнѳ ылайык, «Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды жана ушул берененин    1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган документтерди берет».

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2 жана 3-пункттарынын талаптарына ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди  каттоо үчүн анын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына тѳмѳндѳгүлѳрдү берет:

- талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;

- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары У.И.Конурбаев тарабынан талапкерди каттоо үчүн документтерди берүү мѳѳнѳтү аяктаганга карата – 2021-жылдын 18-октябрынын 18.00 саатына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына белгиленген ѳлчѳмдѳ шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн ырастоочу документ берилген эмес.

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык: «Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу;

5) саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, ыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 7-бѳлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык, шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн ырастоочу документти бербегендигине байланыштуу Конурбаев Уланбек Искаковичти №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басыры, ыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-октябры

№ 969